Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин суракка алынып кеткени маалымдалууда

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып кеткени маалымдалууда. Бул тууралуу анын санаалаштары соцтармактагы баракчасында жазышууда.

«Ата мекен» партиясынын лидери, Кыргызстандын Германиядагы элчисин эмне үчүн суракка алып кеткени белгисиз экенин билдиришүүдө. 23-октябрда ал Кемпир-Абад маселеси боюнча кармоо туура эмес экенин айткан.

Укук коргоо органдары үн ката элек.