Сел алуу, кар жана жер көчкү… Транспорт министри жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берди

«Табигый кырсыктар айттырбай келет экен, алардын кесепетин жоюу үчүн жолчуларыбыз тынымсыз иш алып барууда». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Нарын — Өрүк-Там унаа жолунун 28-чакырымындагы «Бурган-Суу» суусундагы 1,5 метрлик эки түтүктүн үчтөн алты звеносун суу жууп кеткен. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман учаткасында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун «Сары-Кыр» ашуусунун 0-54-чакырымдарында кар көчкү, жер көчкүнү тазалоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда кар эрип, жолду жеп кеткен бөлүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө, каттам бар.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыты) Охна бөлүгүндө, Жийделик — Ак-Кыя жана Бел-Бөжөй унаа жолдорунда сел жүргөн.