Селден улам Сузак районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын короолорун сел суулар каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан тышкары, Көк-Арт дарыясынын суунун дээңгели көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жараткандыгы үчүн Сузак районуна райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда селден жабыркаган жергиликтүү тургундардын турак жайлардагы сел суулар мотопомпанынын жардамында сордурулуп, коопсуз жайга чыгарылууда.

Сел сууга агып келген мал жандыктардын, үй-канаттууларынын өлүгү тиешелүү кызматтар тарабынан заласыздандырылып, айыл ичин дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.