«Сенден эч нерсе кереги жок, мени менен сүйлөшүп турчу дечү». Алып баруучу Назира Айтбекова «Чыңгыз Дөө» менен сүйлөшүп жүргөнүн билдирди

Алып баруучу Назира Айтбекова 30-июлда чогуу камерада отурган адам тарабынан бычакталып каза болгон кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен кезинде сүйлөшүп калганын социалдык баракчасына жазып, аны жакшы адам катары эскерди.

— Бир күнү үйдө олтурсам телефонго видео чакыруу келип калды. Алсам эле сакалчан, лөкүйгөн жигит олтурат. “Омий, сакалың укмуш го! Беш көкүл өрүш керек экен, ээ?” деп ырсактап аткам. Ал да каткырып кечке сүйлөштүк.

“Мен деле сенден кем эмес жылдызмын!” деди. Көрсө, «Чыңгыз Дөө» экен. Күн алыс чалып калат. Кечке кобурашабыз. Отурган жерин , камералаштарын көргөзөт. Бир күнү апам “Жалгыз кызым болсоң, сага залалы тийип калбасын. Корком. Чалбасын» деди. Аны Чыңгызга айтсам, дароо кечирим сурап, экинчи сөзүнө туруп, такыр чалган жок.
Мен андан эмне көрө алдым? Кишилерди союп, шыйрактарын чагып жүргөн киши көрүнгөн жок. Мен учурунда билим ала албай калган, жөнөкөй эле “Пирамидаларды көрүп келдим “ десем, “Ал эмне Пирамида?” деген билими толукталбаган, ата-энеден сүйүү, көңүл ала албаган, жан дүйнөсү тентек , кичинекей бала кезинде такалып, өспөй калып калган бир адамды көрдүм.

Менден эжесин көрдүбү, энесин көрдүбү, айтор, ушунчалык сүйлөшүүгө, көңүлгө зар болгон кичинекей бала турду. “Сенден эч нерсе кереги жок. Мени менен сүйлөшчү?” деп турчу. Ырсактап тийишкен да жок.

Бүгүн өлтүрүлгөнүн уктум. Менин көзүмдө криминал эмес, бир кичинекей , сүйүүсүз калган бала өлдү… Арты кайрылуу болсун!»- деп жазган Айтбекова.