Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын базасында жакынкы аралыкта ишке киргизүү пландалып жаткан “Кыргызиндустрия» ААКнын өндүрүш ишканаларында болду.
Сентябрь айында “Кыргыз бетон курулуш” жана “Кыргыз топчу” сыяктуу жаңы өндүрүш ишканалары ачылат. Ишканалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар Италиядан бир нече этап менен алынып келет. Акылбек Жапаров жеңил өнөр жай, курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну тапшырып, бул ишканалардын продукциясы биринчи кезекте жергиликтүү рыноктун керектөөсүнө жооп бериши керектигин белгиледи. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасына металлдын бардык түрлөрүн кайра иштетүү үчүн “ийкемдүү” машиналарды жана системаларды өндүрүү жана сатуу менен иш алып барган италиялык “Salvagnini” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
“Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов белгилегендей, учурда италиялык компаниянын жетекчилиги менен бул системаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.








