«Шаардыктардын арыздары эске алынды».»Тазалык» ишканасында бийлик алмашты

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө карата арыздардын жана терс сын-пикирлердин көптүгүнө байланыштуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлашты.
— Ошондой эле шаардыктардын «таштандылар убагында чыгарылбайт» деген арыздарына байланыштуу «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары да кызматтан алынды.
Ишкананын жаңы директору болуп Алдашкуров Марат Анарбекович, орун басары болуп Касымов Нурлан Куйбулбекович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Шаардагы чогулган таштандыларды чыгаруу үчүн муниципалитет тарабынан жеке компанияга тиешелүү 16 атайын унаа тартылды.
Ошондой эле таштандыларды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо– Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгилейбиз.
Урматтуу шаардыктар! Кечке чейин бардык таштандылар чыгарылып, санитардык полигонго ташылат.