Шайлоо күнү Жалал-Абадда миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук «Эркиндик» аянтында Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, ИИМдин Шумкар АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин жана Жалал-Абад шаардык күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн шайлоо күнүнө карата нускама берүү боюнча горнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев катышып үгүт иштерине кийлигишпей, бөлүнгөн шайлоо участкаларында мыйзамдуулукту сактап, коомдук тартипти көзөмөлдөө зарылдыгын белгилеген. Иш-чаранын соңунда атайын нускамалар берилип, кызматкерлер шайлоо тилкелерине бөлүнүшүп, өздүк курам салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. «Облустук милиция 25-ноябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ал эми облус аймагындагы 450дөн ашык шайлоо участкаларында фискалдык органдар менен биргеликте 1000ден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти көзөмөлдөшөт», — деп айтылат маалыматта.