Талапкерлер жана партиялар 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого сарптоолору жана салымдары тууралуу жума сайын маалымат берип турушат. Мыйзамдык ченемдерге ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүлөрдөн түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин 1,5 миллион сомдон ашпаган өздүк каражаттары;
- 100 миллион сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;
- ар бири 200 миң сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;
- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 3 миллион сомдон ашпайт.
Ошол эле учурда фонддун максималдуу суммасы 300 миллион сомдон ашпашы керек. Шайлоого 21 саясий партия катышууда.
Жалпысынан 10-ноябрга карата партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсебине 147 миллион 509 миң 628 сом түшкөн. Ал эми 124 миллион 453 миң 617 сом жумшалган. Киреше жана чыгаша боюнча “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Альянс” партиялары лидерлик кылышкан.
- «Ата Журт Кыргызстан» — кирешеси 31 миллион 871 миң 97 сом, чыгашасы 22 миллион 869 миң 259 сом;
- «Ишеним» кирешеси 23 миллион 60 миң 541 сом, чыгашасы 21 миллион 596 миң 455 сом.
- «Альянс» — кирешеси 16 миллион 561 миң 875 сом, чыгашасы 15 миллион 436 миң 457 сом.
- «Жашасын Кыргызстан» партиясынын эсебинде эң аз каражат – 1 миллион 26 миң 150 сом киреше. Ал эми чыгашасы 1 миллион 150 сомду түздү.