Бардык кызыкдар тараптардын, партиялардын өкүлдөрүнүн, техникалык адистердин катышуусу менен добуштарды көз карандысыз кайра саноо боюнча топ түзүлөт. Мындай чечим бүгүн БШКнын талапкерлер жана жарандык активисттер менен жолугушуусунда кабыл алынды.
Маалыматка караганда, топтун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- бюллетендерди эсептөө үчүн шайлоо тилкелерден үлгүлөрүн алуу;
- ар кандай субъекттерден ар бир шайлоо тилкелерден урнанын баштапкы маалыматтарын алуу;
- ар бир шайлоо тилке боюнча БШКнын веб-сайтында жайгаштырылган маалыматты АЭУнун отчетторунун маалыматтары менен салыштыруу;
- маалыматтардын тууралыгын/дал келбестигин тастыктоо;
- АЭУну метрологиялык текшерүү.