Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовду сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун штабы жарыштагы атаандашы Шайлообек Атазовду сотко берди. Бул тууралуу арыз ээсинин тарапташтары билдиришти. 

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан жогоруда аталган эки жаран тең шайлоого талапкер катары катталып, жарышышкан. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Нурбек Алимбеков жарышта лидерликке чыккан. Ал эми Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Нурбек Алимбеков анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткан деп эсептейт. «Ал бизди жамандап, жалаа жаап жатат. Ошондуктан сотко кайрылууга туура келди”, — дейт шайлоо штабынын кызматкери Нурлан Орозбаев.