Шайырбек Ташиев: «Кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендер көбөйдү. Тыюу салыш керек»

«Кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендер көбөйдү». Бул тууралуу депутат Шайырбек Ташиев билдирди.

«Бул Кытайдан келет экен. Курамында эмне бар экенин эч ким билбейт. Ичине суюк зат куюлат экен. Азыртан көзөмөлдөп, алдын алышыбыз керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги десе эле ооруну айыктырат дейбиз, алдын алуу зарыл. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, депутаттар мыйзам даярдайлы. Тыюу салалы», — деди ал.