Шакиев Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алайдын мугалимдери арасында өткөн сынактын жыйынтыктоо аземине катышты

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунун мектеп мугалимдери арасында өткөн сынактын жыйынтыктоо аземине катышты.

Депутат Улан Примов тарабынан уюштурулган “Агартуучу” аталышындагы сынак төрт багытта өтүп, ага 300дөй мугалим катышкан. “Мыкты мугалим”, “Жаш мугалим”, “Мыкты тасма” жана “Мыкты жамаат” деген номинациялар боюнча жеңишке жетишкен агартуучуларга батир, унаа, чет өлкөгө жолдомолор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Депутаттын бул демилгесине жогору баасын берген Нурланбек Шакиев: “Чоң байге коюп, аргымактарды жарыштырган оюн-зоокторду көп эле көрүп жүрөбүз. Ал эми келечек ээлерин тарбиялаган мугалимдерди шыктандыруучу сынактардын аз өткөндүгү мени дайыма кабатырлантып келген. Бүгүн ушундай өрнөктүү иш-чарада олтуруп, сынак өз максатына жеткендигин белгилейм. Анткени, бул иш-чара мугалимдер арасында атаандаштыкты арттырып, изденип иштөөсүн гана камсыздабастан, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт”, – деди.

Муну менен катар саамалыкты улантып, кийинки жылы облустук деңгээлде уюштуруу сунушун берген Нурланбек Шакиев резервдик фондунан 500 миң сом колдоо көрсөтөрүн билдирди.