Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарындагы улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, залкар калемгерди эскеришти.
Эки өлкө ортосундагы бир туугандыктын, достуктун жана биримдиктин символу катары Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн эстелик президент Садыр Жапаровдун Азербайжандагы мамлекеттик сапары учурунда ачылган. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышкан. Эки өлкө башчылары маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгонун билдиришкен. Алсак, Баку шаарынын борборундагы паркта жайгашкан эстелик азербайжан скульптору Натиг Алиев тарабынан жасалган.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маегин берди. "Жакында массалык башаламандык чакырууга айыпталган 11 бир журналисттин соту болуп, прокурор алардын...
Кечээ, 27-сентябрь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курамасы...
28-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар,...
“Хан-Теңири” беш жылдыздуу мейманканасы Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына курулат. Курулуш аянты 48,476 м2; Мейманкана 8 кабаттан, калган коомдук зоналар 1...