Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы Жал кичи районунда жайгашкан Сатух Борахан атындагы мечитке барып, жергиликтүү тургундар менен бирге айт намазын окуду.
Нурланбек Шакиевдин Орозо айт майрамына карата куттуктоосу:
«Орозо тутуу – мусулмандар үчүн он эки айда бир келген ыйык парздардын бири. Бул айдагы негизги максат тамактануудан гана баш тартуу эмес, сабырдуулукка, боорукердикке, кечиримдүүлүккө үйрөнүү жана жан-дүйнөнү аруулантуу болуп эсептелет. Өзгөчө Орозодо муктаждарга жардам колун сунуп, кайрымдуулук кылуу ыйык милдеттердин бири катары каралат. Ага ылайык, бул айдын адамзат үчүн мааниси өтө чоң.
Мусулмандардын эӊ негизги эки майрамынын бири саналган Орозо айтта жакшы тилек-үмүттөр менен ак дасторкон жайылып, меймандостуктун жана кайрымдуулуктун бийик үлгүсү көрсөтүлөт. Андыктан, жер көктөп, айлана жаңыланган мезгилге тушкан келген быйылкы Орозо айында айткан бардык тилектерибиз кабыл болсун! Туткан орозобуз өз максатына жетип, жакшылыктарга багыт берсин! Үйүбүзгө береке, элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык орноп, өлкөбүз алдыга жылсын! Кайрымдуу инсандардын катары көбөйүп, ийгиликтерибиз артсын!».
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...
8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....