Шаршемби, 18.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Шакиев: «Жеңил өнөр жай тармагында адистердин жетишсиздиги байкалууда»

07:20 09.07.2024
0
Шакиев: «Жеңил өнөр жай тармагында адистердин жетишсиздиги байкалууда»
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Гүлчө айылында жайгашкан №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернаттын абалы менен таанышты. Ошондой эле курула турган футбол аянтчасынын пайдубалына капсула салды.

Алсак, аталган мектептин имараты 1977-жылы курулган. Былтыр төраганын Алай районундагы иш сапары учурунда мектептин чатырын алмаштыруу жана футбол аянтчасын куруп берүү өтүнүчү айтылган. Ага ылайык, өткөн жылы чатыры толугу менен жаңыланган. Ал эми бүгүн футбол аянтчасынын пайдубалы түптөлдү. Андан тышкары, волейбол жана баскетбол аянтчалары да жасалат.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү эл жана мектеп жамааты менен жолугушкан төрага: “Акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, бюджеттен көп каражаттар бөлүнүүдө. Жаңы мектептер салынып, эскилери оңдолуп, агартуучулардын айлык маянасы көтөрүлүүдө. Бирок билим берүүнүн сапаты начар бойдон калып жатканы өкүндүрөт. Андыктан, сапатты көтөрүү багытында комплекстүү иштерди алып барып, мугалимдердин да жоопкерчилигин жогорулатуу менен келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүүбүз кажет. Эгер биз билим берүүнүн сапатын көтөрө албасак келечегибиз бүдөмүк бойдон калат. Өлкөбүздү алдыга жылдыра албайбыз. Билимдүү коом менен гана өнүккөн өлкө курулат”, – деди.

Бирок мугалимдердин айлыгын көтөрүү иштери дагы улантыларын айткан Нурланбек Шакиев: “Агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мыкты мугалимдерди мектептерге тартып, кадрлардын жетишсиздигин жоё алабыз”, – деп кошумчалады. Муну менен катар өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу да сөз кылган төрага өндүрүштүк жайлар ачылып, көптөгөн иш орундары түзүлүп жатканына токтолду.

“Азыркы тапта жумушчу күчүнө болгон муктаждык артып, айрыкча жеңил өнөр жай тармагында адистердин жетишсиздиги байкалууда. Андыктан, чет жерде жүргөн мекендештерибизди Кыргызстанга кайтып, өз мекенинде иштөөгө чакырып жатабыз. Эмгек менен экономикабызды көтөрүп, ынтымак жана биримдик менен мамлекетибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө арбын”, – деди Нурланбек Шакиев.

Мындан тышкары, Алай районундагы социалдык мекемелерге жардам берип, анын ичинен Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатына каржылык колдоо көрсөтүп жаткан Германияга ыраазычылык билдирген төрага аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берди.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Автор Эдита Ильясова
17:43 17.03.2026
0

Соңку күндөрү Куванычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырышты. Учурда алардын Жогорку Кеңештеги креслосу...

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:32 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы “Шейит мазарында” 2002-жылы болгон кайгылуу окуяда курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы...

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:34 17.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны...

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:29 17.03.2026
1

20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен, Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Айт намазын...

1-апрелден тарта «Дордой» базарынын аймагында жолдорду куруу иштери башталары маалымдалды

1-апрелден тарта «Дордой» базарынын аймагында жолдорду куруу иштери башталары маалымдалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:26 17.03.2026
0

16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дордой базарынын ичиндеги инфратүзүмдү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

08:09 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

08:29 17.03.2026
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

1
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

1
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү