Шейшемби, 10.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Шакиев Алай районуна иш сапары менен барды

18:50 08.07.2024
0
Шакиев Алай районуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Алгач төрага Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.

Алсак, аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга келип, колдонууга жараксыз деп табылган. Ага ылайык, имарат буздурулуп, ордуна жаңы мектеп куруу пландалган. Бул үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, жаңы имаратты курууга мамлекет тарабынан 130 миллион сомдон ашуун каражат каралган.

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда Нурланбек Шакиев Алайдан чыккан депутаттар парламентте активдүү экенин белгилеп: “Алар аймактагы көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп, калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Бирок “Миң уккандан, бир көргөн артык” дегендей, аймактагы маселелер менен жеринде таанышып, тургундар менен жолугуп келүү үчүн атайын келдик”, – деди.

Ошондой эле өлкөдө жасалып жаткан иштерге токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы: “Акыркы жылдары мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, жолдор жаңыланып, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Республикалык бюджетибиздин көлөмү үч жыл мурун 200 миллиард сомдун тегерегинде гана болсо, азыркы бюджет 600 миллиард сомдон ашты. Андан тышкары, ички дүң продукциябыздын көлөмү 1 мриллион сомго чыкты. Пенсиялар, жөлөк пулдар жогорулап, айлык маяналардын да көлөмү көтөрүлдү. Элдин бизге берген ишенимин актап, калкка күнү-түнү кызмат кылуу аракетиндебиз. Экономикалык саясатты туура жүргүзүп, жемкорлукка жана көмүскө экономикага каршы күрөштү күчөтүү менен дагы көп ийгиликтерге жетишебиз”, – деди.

Муну менен катар билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Каражаттар көп бөлүнүп, мектептер салынып, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып жатканы менен билим берүүнүн сапатын көтөрө албай келебиз. Андыктан, аталган багытта алгылыктуу иштерди алып барышыбыз керек. Билимдүү коом менен гана келечектүү мамлекетти кура алабыз”, – деп билдирди.

Ошондой эле кыргыз мамлекетинин калыптанышында жана түптөлүшүндө Алайдан чыккан улуу инсандардын салымы өтө чоң экенин белгилеп: “Буйруса бүгүн түптөлүп жаткан мектептен да улутка кызмат кылып, өлкөнү өнүктүрө турган азаматтар чыгат деген терең ишеничтемин”, – деди төрага.

Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Примов, Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Джантелиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Нарындагы убактылуу жабылган жол тазаланды

Нарын — Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:41 10.03.2026
0

8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....

Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:33 10.03.2026
0

Бүгүн, 10-март ɵлкɵ аймагында аба ырайынын кескин ɵзгɵрүшүнɵн улам ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат. Өтмөк ашуусуна, Сосновка...

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:17 10.03.2026
0

Бүгүн, 10-мартт Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр...

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 09.03.2026
0

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык...

Шашылыш билдирүү: 10-11-марттарда өлкөдө суук түшөт

Шашылыш билдирүү: 10-11-марттарда өлкөдө суук түшөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:01 09.03.2026
0

10-11-марттарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган аял кармалды

Жыныстык жол менен опузалап акча талап кылган аял кармалды

16:27 09.03.2026
Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды

09:15 10.03.2026
Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорлору колдоо тапты

16:23 09.03.2026
9 миллиард сомдук 10 гектар жер… Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

9 миллиард сомдук 10 гектар жер... Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

11:24 10.03.2026
Нарындагы убактылуу жабылган жол тазаланды

Нарын - Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды

10:41 10.03.2026
Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

Ашууларда убактылуу чектөө киргизилди

10:33 10.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү