Шашылыш билдирүү: 12-18-февраль күндөрү өлкөдө кар жаап, күн суук болот

12-18-февраль күндөрү өлкөдө кар жаап, күн суук болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Синоптиктер аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам тоолуу райондордо, ашуу-белдерде кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин, жолдор тоңголок болорун эскертишет. «Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында жана Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-80, 90-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот», — деп айтылат маалыматта.