14-апрелден 17-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн.
«Урматтуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр! Алыска сапар чыгууда сак болуңуз. Жаныңызга дары-дармек, кургак тамак-аш, суу, жылуу кийим алыңыз. Унааңыздын ичинде дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, медициналык куту болушу зарыл. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта», — дешти.