16-марттан 19-мартка чейин республиканын тоо этектеридеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Кырсык болгон учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына кайрылуу зарыл.