Шашылыш билдирүү: 25-26-июнь күндөрү сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-26-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.