15-апрелде күндүз, 16-17-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
17-18-апрелде абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз+ 6…+11°
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +5…+10°
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +3…+8°, күндүз +8…+13°
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° , күндүз 6…11°
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +1…+6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° , күндүз +6…+11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° , күндүз +3…+8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз +1…+6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.