Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Унааңызды бак-дарактын жана имараттардын түбүнө токтотпоңуз! Кырсык катталган учурда 112 номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү кызматта. Аталган номерге сиз антенна чыкпаган шартта да жана уюлдук телефонуңузда симка жок болгон учурда да чалууга болот.