Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 27-апрель күнү жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Шамал катталган учурда үйлөрдүн терезелерин жабыңыздар, унааларды бак-дарактардын астына койбоңуздар”,- дешти.