Шавкат Мирзийоев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышпайт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышпайт.

Маалыматка караганда, Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул өзүнчө мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. «Телефондук сүйлөшүүдө лидерлер мамлекеттик сапар декабрь айынын ичинде болорун макулдашышты», — деди Эрбол Султанбаев.

Тышкы иштер министрлигинен Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу статусуна ээ экенин, премьер-министр Абдулла Арипов Бишкекке келерин билдиришти.