Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга келерине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

26-27-январь күндөрү Чүй облусунун жолдору жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев мамлекеттик иш сапары менен келерине байланыштуу кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында, Чүй облусунун айрым жолдору жана Бишкек шаарынын көчөлөрүндө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет:

— Манас аэропортунан баштап Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.