Шеркул Турганбаев Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды.
Бүгүн, 8-апрелде Талас облусунун ички иштер башкармалыгында жаңыдан кызматка дайындалган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылды. Талас ОИИБдин буйругуна ылайык милициянын улук лейтенанты Шеркул Турганбаев Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү кызматына, милициянын капитаны Гүлжан Жунушова Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын тескөөчүсү кызматына дайындалды.
Жаңыдан дайындалган кызматкерлерди Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.