«Шизофрения менен жабыркайт». Бишкекте 59 жаштагы Динара Өмүркулова изделип жатат

Бишкекте милиция 59 жаштагы Динара Өмүркулованы издеп жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

24-сентябрда милицияга анын сиңдиси кайрылып, 1963-жылы туулган эжеси Юдахин кең көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, кайра барбаганын билдирген. Учурда аялдын жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, арык, чачы кара жана узун. Ал шизофрения менен каттоодо турат.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 номурларына чалсаңар болот.