Бүгүн, 29-ноябрда БШКнын алдында шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор чогулушту. Чогулгандардын арасында «Ата-Мекен», «Социал-демократтар», «Жашасын Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү бар. Чогулгандардын алдына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыкты. Ал чыгаар замат чогулгандар «кетсин!» деп кыйкыра башташты.
«Расмий сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок биздин колдонуп аткан технология так иштейт. Буга мен кепилдик берем. Азыркы учурда система так иштеп жатат. Бул алдын ала маалыматтар деп эсептелет. Шайлоонун жыйынтыгы ар бир тилке боюнча кол менен саноонун жыйынтыгы менен чыгарылат. Азыр протоколдор түшүп жатат. Эгерде тилкелер боюнча мыйзам бузуулар болсо, комиссияга берүүгө чакырам. Ар бир арыз каралат. Ошондой эле биз тийиштүү адистерди чакырабыз. Тиешелүү болгон себептер тууралуу маалымат беребиз»,- деди ал.