«Сиз бир тараптын сөзүн угуп, жыйынтык чыгарып жатасыз». Мектептин мурдагы директору Садыр Жапаровго кайрылды

17-апрелде Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатынын окуучулары жана мугалимдери митингге чыгышкан. SUPERTV телеканалы аталган билим уясына барып, митингдин чоо-жайын сураштырдык. Коомчулуктун көңүлүн бурган окуядан саналуу күндөр мурда мектепке президент барганы да маалым болду.

«Мен бул мектепке 2022-жылы 5-сентябрда сынактын негизинде келгем. Иштеп баштагандан эле бул жактагы күчтөр ишиме тоскоолдук кыла башташты. Мурда иштеп кеткен директордун тааныштары, туугандары дешти. Ошондон бери текшерүү башталган. Прокуратура тарабынан текшерүүлөр болгон. 14-апрелде мени мыйзамсыз түрдө, 83-берене менен бошотуп салышты. Мен буга макул эмесмин. Прокуратурадан да текшерүү келген болчу. Садыр Жапаров келип кеткен. Аны келгенден кийин уктум, ашпозчулар көрүп, арызданышып, жалган сөздөрдү айтышыптыр. Жапаровго коллектив эки жаатка бөлүнүп жаткандай көрүнүп калды», — деди ал.

Ал ошондой эле президентке кайрылды. «Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиз бир тараптын сөзүн угуп, жыйынтык чыгарып жатасыз. Негизи абал мындай эмес болчу. Бардык болуп жаткан нерсени сизге жеткире алган жокмун. Түшүнүп, акыйкат чечим чыгарып бересиз деп ишенем», — деди ал.

Башкы прокуратурадан интернатта Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөнүн, 17-апрель күнү Бишкек шаарынын мэринин наамына мыйзам бузуучулуктарды тез арада жоюу, аны болтурбоо жана тийиштүү кызмат адамдарына тартиптик чара көрүү жөнүндө прокурордук акты — «сунуш» берилгенин билдиришти.