Кечээ, 13-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэринин орун басарларына демөөрчүлөр тарабынан алынган жаңы кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Унаалардын ачкычын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, кызматкерлерди жаңы унаалуу болушу менен куттуктады.
«Белгилей кетсек, Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү алты жаңы кызматтык унаалар мэрдин төрт орун басарына, аппарат жетекчисине жана Ош шаардык ички башкармалыгынынын башчысына берилди. Ал эми мэриянын карамагында буга чейин колдонууда турган унаалар Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, «Ош ТВ» телеканалы, «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасы, «Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу» муниципалдык ишканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ортосунда бөлүштүрүлдү»,— деп айтылат маалыматта.