«Социалдык жарылууга алып келет. Эл кыйналып жатат». Депутат жол кирени көтөрүүгө каршы болду

Мэрия жол киренин баасын көтөргөнү жатат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, нааразы болду.

«Шылтоосу «айлык көтөрүлүп жатат» дейт. Айлык көтөрүлгөндөрдүн 30-40 пайызы эле, алар мамлекеттик кызматкерлер. Бир колубуз менен айлык көтөрүп, бир колубуз менен жол акыны көтөрөбүзбү? Биз автобуска деп бөлгөн акчалар каякта? Бул социалдык жарылууга алып келет. Жөнөкөй эл кыйналып жатат да. Ансыз да азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатат. Туура эмес, муну караш керек», — деди депутат.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жол кире акысынын көтөрүлүшү, коомдук транспорттун абалы жана кыймылдуу курамды көбөйтүү пландары тууралуу айтып бергенАнын айтымында, коомдук транспортто жол кирени көтөрүү пландалып жатат жана бир нече варианты бар.

1-вариант: Кандай болсо, ошондой калтыруу.

2-вариант: троллейбус — 15 сом, автобус — 15 сом, маршрутка 6:00дөн 20:30га чейин — 21 сом, маршрутка 20:30дан 6:00гө чейин — 32 сом, экспресс-маршруткалар — 22-32 сом.