Атамбаевдин президент кезиндеги кийген кийими кызуу талкууда

Социалдык тармактын колдонуучулары бир нече күндөн бери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель менен түшкөн сүрөтүн бөлүшүп, мурдагы өлкө башчысынын курткасынын баасын кеп кылышууда.

Анда президенттин курткасынын баасы 50 доллар экени көрсөтүлгөн. Бул куртканын баасы чындыгында эле 50 долларбы белгисиз. Бирок куртка LC Waikiki брендине таандык жана ал баары эле кийим сатып алууга мүмкүн болгон катардагы дүкөн.

Ошондой эле соцтармактын колдонуучулары мурдагы президент ал куртканы бир эле жолу кийбегенин да жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, бул куртка менен президент Гурбангулы Бердымухаммедов жана Дмитрий Медведевди коштоп Ала-Арча сейил багына барган.