Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранын Украинадагы согушка катышууга мажбурлап жатканы боюнча кыргыз ЖМКларында тараган маалыматты төгүндөдү.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Орусиянын бийлигинен алынган маалыматка караганда, 2-апрелде Н.Т. баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү, ошондой эле баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөрдү же алардын курамында баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган бөлүктөрүн мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү беренеси менен кармалганын, соттун чечими менен камакта калтырылганын билдирди.
- Кыргызстандык 20 жаштагы жигиттин Москвада кармалганын анын апасы билдирген. Ал өткөн жылдын ноябрь айында Орусияга иштөө үчүн кеткен. Ата-энеси уулунун чөнтөгүнө баңгизат салып коюшкан деп божомолдоп, «Украинадагы согушка кетесиң дептир» дешкен.