«Согушту токтоткула!». Орусиянын элчилигинин алдында митинг өтүп жатат

Бүгүн, 28-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Украинадагы согушту токтотуу керектигин билдирген жарандардын митинги өтүп жатат.

«Биз мурда Орусия, Украина менен бирге болчубуз. Украина биздей эле эркиндик алгысы келет. Мурда да бирге болчубуз, азыр да Украина мененбиз»,- деди митингдин катышуучусу.

Алардын айтымында, эки өлкө согуш эмес, сүйлөшүү менен маселени чечип алышы керек.