Сокулукта 12 жаштагы өспүрүм атасы урушуп, эшикке чыгарбай койгону үчүн өз жанын кыйды

Сокулукта 12 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-октябрь күнү Сокулук райондук РИИБге Раздольный айылынын тургуну, 2010-жылы туулган өспүрүм болжол менен саат 10:30 чамасында үйдун короосунда асынып, каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат ошол эле күнү Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, атасы урушуп, эшикке чыгарбай койгондугу үчүн асынып калганы аныкталган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки амалдар жүргүзүлүүдө.