Сокулукта 2 жаштагы баланын сабалышы. Шектүү 2 айга камакка алынды

Сокулукта 2 жаштагы баланы көгала кылып сабаган делген жаран камакта калтырылды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарган.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы жаран тергөө учурунда 2 ай камакта болот.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.