Сокулук районунун аймагындагы сауналарды текшерүү улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
24-августта Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы сауналар текшерүүгө алынды.
Иш-чара учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткизилген. Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда сауна ээсинин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.
Бетин корсоткуло да бир жерин саткандан уялбаган бетин корсоткондон уялышабы