Соң-Көл жайлоосуна кетип, байланышка чыкпай жаткан канадалыктар куткарылды

Соң-Көл жайлоосуна кеткен канадалык туристтер куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 канадалык жана 2 кыргызстандык 30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган. Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалы туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып беришип, жардам көрсөтүшкөн.