«Сосновка» жана «Арал» өтмөктөрүндө киргизилген чектөө алынды

Бишкек — Ош унаа жолуна кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ, 26-октябрь күнү саат «Сосновка» жана «Арал» өтмөктөрүнө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу киргизилген.

ӨКМден унаа жолдордогу бардык чектөөлөр алынганын билдиришти. «Айдоочулардын эсине сала кетели, алыскы жолго чыкканда унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжырча, күрөк жана ысык сууга толтурулган термос менен камсыз болуңуздар. Албетте, жол тайгак учурда унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар», — дешти.