«Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

«Сосновка» жана «Арал» постунда саат 12:30дан тарта оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 14:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда ошондой эле аталган унаа жолдун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 12:30дан тарта оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.