Сот «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечим чыгарды

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышты. Бул тууралуу «Азаттыктан» билдиришти.

26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырган.