Сөздөрдү заматта тескерисинен сүйлөгөн жигит: «Мындай талант үйдөгүлөрдөн менде эле бар»

Бул жолу биз уникалдуу адам менен маек курдук. Тактап айтканда каарманыбыз Эрнурэл Жусумбеков сөздөрдү тескерисинен ойлонбой туруп, шар сүйлөй алат. Ал гана эмес, бир канча ырларды да тескерисинен ырдай да алат. Эрнурэл бул таланты аркылуу сынактарга да катышканын айтат.

«Менин бул талантым кичине кезимде эле байкалган. Байкем байкап калган. Мындай талант үй-бүлөдө менден башка эч кимде жок. Бул талантымдын бар экенин билген соң, Х-фактор долбооруна катышкам. «Элдин колдоосуна арзыган талант» деген грамота берилген»,- деди ал.