Спикер Нурланбек Шакиев Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал сөз сүйлөп, билим берүү тармагынынын пайдубалын түптөп, азыркы эгемен мамлекеттин кышын кынаган улуу инсандын өмүр жолу баарына үлгү экенин, айрыкча, илим изилдөө жана агартуучулук жаатындагы жасаган иштери, кылган кызматы студенттер жана мугалимдер үчүн өрнөк экенин баса белгиледи.