Эмдөө алгандан кийин каза болгон жаран боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.
Анын айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.
«Жаран 19-июль күнү саат 8:30да №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан Спутник V вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет»,- деди ал.
Эске салсак, кечээ, 22-июлда Бишкекте 46 жаштагы Назгүл Исакова каза болгон. Жакындары анын «Sputnik V» вакцинасын алганын айтышкан.