Түркиянын Стамбул шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза болгон. Өрт Гайреттепе районундагы (Бешикташтын бир бөлүгү) 16 кабаттуу турак жайдын жер төлөсүндө чыккан. Masquerade түнкү клубу жер төлөдө жайгашкан, ал жерде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун баары клубда иштеген курулушчулар.
Тышкы иштер министрлиги жергиликтүү органдардын алдын ала маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.











