Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
“ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев «Данакер» ордени менен сыйланды.