Султан Раев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы болду

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп бекиди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Мындай чечим бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында өткөн Түрксой уюмунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги бардык Түрк мамлекеттери тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Буга чейин бул кызматты Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.