“SUPERTV’га тартылып, 2 айдын ичинде үйлүү болдум” дейт жалгыз бой эне
Ушул жылдын башында биздин телеканал 6 баланын энеси Элнура Курманованын тагдыры менен тааныштырган эле. Видеодо каарманыбыз жолдошу таштап кеткенин айтып, элден жардам суроого аргасыз болгонун кошумчалап, реквизиттерин калтырган. Арадан көп өтпөй жалгыз бой эне кайрымдуу адамдар берген каражатты топтоп, 1 миллион сомго үй алганын айтты. Биз каарманыбыздын жаңы үйүнө барып келдик.
"Сиздерге жардам бергениңиздер үчүн рахмат. Жардам берген адамдардын баарына ыраазычылык. Муздаткычка деп Орусиядан мекендештер акча салган. Ошол акчага алгам. Байкелер келип, койдун этин таштап кетип жатышты. Залдын оңдоо иштери бүтө элек. Орозодон кийин жардам берген адамдарды, сиздерди чакырып, той берем", - деди ал.