Ушул жылдын апрель айында SuperTV телеканалы 50 жаштагы жардамга муктаж кишинин тагдырын көрсөткөн. Каарманыбыз тубаса басуу мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөнүн, мындан улам өмүр бою колунун жардамы менен кыймыл-аракет кылып келгенин айткан.
Ал бүгүн, 28-ноябрда редакция менен байланышып, видео чыккандан кийин кайдыгер эмес жарандар жардамга кол сунуп, Нарындагы үйүнө жуунуучу бөлмө жасап беришкенин, пластик терезе коюп, үйгө суу киргизип беришкенин сүйүнчүлөдү.