SuperTV’нын каарманына кайдыгер эмес жарандар жуунуучу бөлмө жасап беришти (видео)

Ушул жылдын апрель айында SuperTV телеканалы 50 жаштагы жардамга муктаж кишинин тагдырын көрсөткөн. Каарманыбыз тубаса басуу мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөнүн, мындан улам өмүр бою колунун жардамы менен кыймыл-аракет кылып келгенин айткан.

Ал бүгүн, 28-ноябрда редакция менен байланышып, видео чыккандан кийин кайдыгер эмес жарандар жардамга кол сунуп, Нарындагы үйүнө жуунуучу бөлмө жасап беришкенин, пластик терезе коюп, үйгө суу киргизип беришкенин сүйүнчүлөдү.